АКИpress - Баткен шаарында жаңы футбол стадионунун курулушу жүрүп жатат.
Кыргыз футбол союзу билдиргендей, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан арена 100 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Стадиондун аймагында үч машыгуу талаасы, төрт мини-футбол аянтчасы жана кийим алмаштыруучу бөлмөлөр болот. Стадионго заманбап жарыктандыруу системасы орнотулуп, бул оюндарды кечки убакта өткөрүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, аренанын аймагында 100 кишилик мейманкана жана 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.
Бул постту Instagramдан көрүңүз