20:27, 11-апрель, 2026

Бишкек—Кант унаа жолунда эреже бузгандарга көзөмөл күчөдү

На русском
14:38, 11-апрель, 2026 177

АКИpress - Бишкек—Кант унаа жолунда жолдун чети менен унаа башкарган айдоочуларга карата көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, акыркы убакта айдоочулар жол кыймылынын эрежелерине баш ийбей, жолдун чети менен жүрүп, башкаларга тоскоолдук жараткан жана авариялык кырдаалдарды түзгөн учурлар көбөйгөн.

«Эреже бузгандарды аныктоо үчүн Бишкек—Кант жолунда рейд өткөрүлдү. Учурда бул тилкеде көзөмөл туруктуу негизде жүргүзүлүүдө жана тартип бузгандарга карата протоколдор түзүлүүдө», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»