23:21, 11-апрель, 2026

«Ишенип мэр кылып койсом...»: Жапаров Оштун мурдагы мэри Токторбаев тууралуу жооп берди

На русском
12:21, 11-апрель, 2026 1394

АКИpress - Президент Садыр Жапаровдун Ош шаарында тургундар менен болгон жолугушуусунда ишкер Айдар Бакыев Ош шаарындагы иштерди жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу айтып, мурдагы мэр Жеңиш Токторбаевдин аракеттерине укуктук баа берүүнү суранды.

Анын айтымында, Токторбаев мэр болуп турганда мыйзамдарды, адам укуктарын бузган.

«Ал киши Ош шаарында мамлекеттин ичинде мамлекет түзүп, бийликти деморализация кылып, биздин арыз-муңдар каралбай, сиз Жогорку Кеңеште сүйлөгөндөн кийин кыймылдай баштады», - деди ал.

Ал 2000ге жакын адамдын укугу бузулганын, жол жээгиндеги, дарыя жана каналдардын боюндагы бизнестен эч нерсе калбаганын айтты. Анын айтымында, ишкерлерге кайра калыбына келүү үчүн беш жылдай убакыт керектелет. Буга байланыштуу ал компенсация маселесин тезирээк чечүүнү өтүндү.

Ошондой эле Бакыев өлкөнүн алтын запасы өсүп жатканын белгилеп, Ош шаарына 2–3 тонна алтын бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров буга: «2 тонна алтын билесизби канча доллар турат? Почти 400 млн доллар», - деп жооп берди.

Мамлекет башчысы буга чейин шаарды башкарууну Жеңиш Токторбаевге ишенип бергенин айтты.

«Башында абдан жакшы иштеп жатты. Сиздерге окшоп мен деле ишенип, "ой молодец, мыйзамсыз курулуштарды, каналдын жээгине, үстүнө үй салып алгандарды бузуп жатыпсың" деп айткам. Бирок чындыгында бул жагынан анын эмгеги деле бар эми, аша чаап кеткен жактары дагы болуптур», - деди.

Президенттин айтымында, ал шаардын мэри Жанар Акаевди угуп, ошондой эле курулуш, өзгөчө кырдаалдар жана транспорт министрлерин жиберген.

«Отчет алгандан кийин мен дагы көрдүм, чындап эле аша чаап кеткен жерлери дагы болгон экен. Снос кылбай туруп тургундар менен келишиш керек эле, тил табышыш керек эле, баасын келишип туруп анан снос кылуусу керек эле», - деди Жапаров.

Президент Жанар Акаевдин маалыматы боюнча 700гө жакын жаран дагы деле турак жай ала электигин кошумчалады.

«Баарын калыбына келтиребиз. Бул биздин, бийликтин кемчилиги, менин деле кемчилигим десем болот, ишенип мэр кылып койсом ушундай туура эмес иштерди жасап жибергени үчүн күнөөбүздү моюнубузга алабыз. Ошол үчүн бийлик булардын баарын бүтүрүп беребиз», - деди ал.

Мамлекет башчысы 2 тонна алтын берүү мүмкүн эмес экенин, бирок компенсациялар төлөнөрүн айтты. Анын айтымында, мэрия жакынкы арада бардык тараптарды, анын ичинде Жеңиш Токторбаевди да чакырып, андан соң бул маселеге чекит коюлат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»