16:23, 11-апрель, 2026

Бишкектеги Азия чемпионаты: Бүгүн беш кыргызстандык балбан күрөшөт

На русском
11:39, 11-апрель, 2026 304

АКИpress - Бүгүн, 11-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандан беш спортчу таймашка чыгат.

Бул күнү эркектер арасында эркин күрөш боюнча беш салмак категориясында финалчылар аныкталат. 

Учурда Кыргызстандын курама командасынын куржунунда 8 медаль бар — 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло.

Бүгүн килемге чыга турган балбандар:

61 кг чейин — Бекзат Алмаз уулу

74 кг чейин — Орозобек Токтомамбетов

86 кг чейин — Малик Шаваев

92 кг чейин — Яков Чаплин

125 кг чейин — Арсланбек Турдубеков.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»