05:41, 12-апрель, 2026

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Кыргызстандын хоккейчилери Израил менен ойнойт

На русском
11:34, 11-апрель, 2026 299

АКИpress - Бүгүн, 11-апрелде хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Болгарияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кезектеги беттешин өткөрөт.

Экинчи дивизиондун («В» тайпасы)  турнири София шаарында алты команданын катышуусунда өтүүдө.

11-апрелде Кыргызстандын курамасы Израилдин командасы менен беттешет, оюн саат 16:00дө башталат.

Үч турдун жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын курамасында 3 упай бар жана турнирдик таблицада 5-орунда жайгашкан. Ал эми Израилдин эсебинде 8 упай бар, алар 2-орунда келе жатат.

4-турдун оюндары:

16:00 Кыргызстан — Израил

19:30 Болгария — Исландия

23:00 Кытай Тайбэйи — Жаңы Зеландия

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»