20:32, 11-апрель, 2026

Кыргызстан менен Австриянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

На русском
10:05, 11-апрель, 2026 414

АКИpress - 10-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австриянын Европа жана тышкы иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки жактуу мамилелерди талкуулап, саясий диалогду колдоонун, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле министрлер эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууга, анын ичинде тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүгө жана 2027-жылы Бишкекте экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүүгө көңүл бурушту.

«Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында жакынкы арада жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди», - деп айтылат маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»