05:32, 11-апрель, 2026

Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарына эмне деди?

На русском
21:02, 10-апрель, 2026 1036

АКИpress - Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жыл башында министрликтер жана жер-жерлердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен биргеликте өлкөнүн өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жакынкы жылдарга карата пландары боюнча республикалык кеңешме өткөрүлүп, бир катар максат-милдеттер алдыга коюлганын белгиледи.

“Ортодо жаз майрамдарын өткөрүп алган соң ошол койгон максаттарыбыз боюнча облустарда, райондордо жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге көңүл бурууну, элет жериндеги тургундарыбыз менен көзмө-көз жолугушуп, ал-акыбал сурашууну туура таап, мына сиздердин алдыңыздарга келдик”, - деди Садыр Жапаров.

Президент экономиканын туруктуу өсүшүн жана мамлекеттик каржынын кыйла бекемделгенин белгиледи. Ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан ашып, бюджет 1,1 трлн сомду түздү, салыктык жана башка түшүүлөр кыйла көбөйдү.

“Жыл сайын өсүп бараткан мындай көрсөткүчтөр – бул көп жылдар бою көмүскө схемалар өкүм сүрүп келген тармактарды тартипке келтиргенден, жоопкерчиликке басым жасалгандыктан жана коррупциялык тобокелчиликтерди кыскартуудан улам жетишилген ийгиликтер болду. Бюджетибиз толуп, мамлекетибиз финансылык жактан өз алдынчалыкка жетип, ири инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду тышкы колдоолорсуз ишке ашыра ала турган деңгээлге жетти”, - деди мамлекет башчысы.

Ал жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу артыкчылыктуу багыт бойдон кала берерине токтолду. Бюджеттик чөйрөдө иштегендердин эмгек акысы, пенсиялар жана социалдык төлөмдөр ырааттуу түрдө көбөйтүлүп, калктын аярлуу катмарын колдоо чаралары кеңейтилүүдө. Баалардын өсүшүнө карабастан, бул иштер улантылат. Жетишилген ийгиликтер өлкөдөгү туруктуулук жана элдин биримдигинин аркасында мүмкүн болду.

Президент Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дагы өзүнчө токтолду.

“2025-жылы Ош шаарынын бюджети 3,4 млрд сом деп белгиленген болсо, жыл соңуна чейин республикалык бюджеттен дагы 6,3 млрд сомго жакын каражат кошумча берилген. 2026-жылга шаар бюджети 5,2 млрд сом өлчөмүндө аныкталса, жыл соңуна чейин Ош шаарын өнүктүрүүгө дагы кошумча каражаттар каралмакчы”, - деди Садыр Жапаров.

Ал капиталдык салымдар боюнча 2025-жылы 598,4 млн сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

“Быйылкы жылга ушул эле капиталдык салымдар боюнча азырынча 683,5 млн сом каралып, бир катар обьектилердеги курулуш иштерин улантууга берилди. Жыл соңуна чейин дагы кошумча каражат бөлүнмөкчү. Мындан сырткары өлкөбүздүн Турукташтыруу фондунан 2025-жылы 2,7 млрд сом бөлүнүп, Ош шаарын өнүктүрүү долбоорлоруна багытталган”, - деди президент.

Мамлекет башчысы экономикалык өсүш индустриялаштыруу саясаты менен коштолуп жатканын айтты. 2024-жылдан тарта жыл сайын 100гө жакын өнөр жай ишканасы ишке берилип жатат. Бул саясаттын алкагында Ош облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылып, 1700дөй жумуш орундары түзүлдү. Алардын катарында көмүр кендери, кирпич заводдору, логистикалык борборлор, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар бар.

“Быйыл дагы өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалууда, анын ичинде Ош шаарын кошкондо жалпы Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы салынат. Бул аймактык бюджеттин кирешесинин өсүшүнө, жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү элдин жашоо-турмушун жакшы жагына өзгөртүүгө өбөлгө түзөт ", - деди Садыр Жапаров.

Президент Ош шаарында социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чаралар топтому ырааттуу ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, турак жай менен камсыз кылуу жана шаардык инфратүзүм жааттарында системалык чечимдер кабыл алынууда. Педагогдорду жана медицина кызматкерлерин колдоо, заманбап технологияларды киргизүү, маданият тармагын өнүктүрүү жана тарыхый мурастарды сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор шаардык системаларды модернизациялоого, коопсуздук деңгээлин жогорулатууга жана Оштун заманбап аймактык борбор катары мындан ары өнүгүүсү үчүн туруктуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»