АКИpress - Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Бишкекте өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи.
Ал 72 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Нуртаева беттешти чейрек финалдан баштап, кореялык спортчуну 10:0 эсебинде жеңген. Бирок жарым финалда 68 кг салмак категориясында 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээсине утулду. Ал эми 10-апрелде коло медаль үчүн болгон беттеште Нуртаева жеңишке жетти.
Бул кыргызстандык спортчулар уткан сегизинчи медаль — 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло.
Беттештер:
Чейрек финал
Нурзат Нуртаева - Субин Ким (Корея) — 10:0
Жарым финал
Нурзат Нуртаева - Цзя Лун (Кытай) — 1:11
Коло медаль үчүн күрөш
Нурзат Нуртаева - Одгерел Эрдене Очир (Моңголия) — 2:0