АКИpress - Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык спортчу Гүлнура Таштанбекова коло медалга ээ болду.
Ал 65 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, үч мелдештен экөөнү утуп, 3-орунду ээледи. Бул кыргызстандык спортчулар уткан жетинчи медаль — 5 алтын, 1 күмүш жана 1 коло.
Беттештер:
1/4 финал
Лили Лили (Кытай) - Гүлнура Таштанбекова — 10:0
Жубатуучу турнир
Гүлнура Таштанбекова - Тала Жавад Хамад Абукхейт (Иордания) — 10:0
Коло медаль үчүн беттеш
Гүлнура Таштанбекова - Фируза Есенбаева (Өзбекстан) — 4:2