АКИpress - Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкпай калды.
Ал 70 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/4 финалдык баскычтан баштаган. Алгач кыргызстандык балбан 2022-жылкы Азия жана дүйнө чемпиону, япониялык Таиси Нарикунини жеңген, бирок жарым финалда Индиянын 2024-жылкы жаштар арасындагы Азия чемпионуна утулду.
Эми 10-апрелде Акматалиев коло медаль үчүн Кореядан келген спортчуга каршы күрөшөт.
Беттештер:
1/4 финал
Эрназар Акматалиев — Таиси Нарикуни (Япония) — 12:9
Жарым финал
Эрназар Акматалиев — Абиманью (Индия) — 6:3
Коло үчүн беттеш
Эрназар Акматалиев — Симинг Вонг (Кытай)