АКИpress - Бүгүн, 10-апрелде Бишкектин Мозолев көчөсү дарегинде жайгашкан кампа күйүп жатканын ӨКМ маалымдады.
Маалыматка ылайык, саат 17:15те өрттү өчүрүүгө 3 топ жөнөтүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.