00:09, 11-апрель, 2026

Бишкекте Жал менен Айтматов проспектисин бириктирген жаңы жол курулат

На русском
17:15, 10-апрель, 2026 407

АКИpress - Бишкекте Миңжылкиев көчөсү уланып, Тыналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин жаңы жол ачылат.

Мэрия билдиргендей, эки тилкелүү жолдун жалпы узундугу 1,3 км болот. Ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагы аркылуу өтөт.

Жөө жүргүнчү, анын ичинде студенттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн жер астынан өтүүчү өтмөктөрдүн курулушу каралган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул долбоорлорду ишке ашыруу жумуштары менен таанышты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»