19:29, 10-апрель, 2026

«WhatsApp» колдонуучулардын жеке кат алышуусун үчүнчү жакка бергенби?

На русском
16:09, 10-апрель, 2026 421

АКИpress - АКШда «Facebook», «Instagram» жана «WhatsApp» тиркемелерине ээлик кылган «Meta Platforms» компаниясына каршы жамааттык доо арыз берилди.

Арыз ээлери «WhatsApp» — сервис кат жазышуу толук купуя бойдон сакталат дегенине карабай колдонуучулардын жеке кат алышуусу тууралуу маалыматты үчүнчү жактарга берген болушу мүмкүн деп эсептешет. Бул тууралуу АКШдагы жамааттык доо арыздар жана сот иштери тууралуу маалымат жарыялап турган «ClassAction» ресурсу билдирди.

Доо арызда айтылгандай, «WhatsApp» башынан эле шифрлөө менен корголгон коопсуз мессенжер катары жарнамаланган. Бирок компаниянын кызматкерлери, подрядчылары жана өнөктөштөрү колдонуучулардын билдирүүлөрүн кармап, окуп жана сактай алган болушу мүмкүн. Доогерлердин айтымында, мындай мүмкүнчүлүк тиркеменин кодундагы жашыруун механизм аркылуу ишке ашкан болушу ыктымал.

Арыз ээлери билдиргендей, маалыматтарга «Meta» компаниясынын кызматкерлери менен катар подрядчылар, анын ичинде «Accenture» компаниясы да жеткиликтүүлүк алган болушу мүмкүн. Колдонуучулар мындай аракеттерге макулдук беришкен эмес. «WhatsApp′тын» купуялуулук саясатында билдирүүлөр серверлерде сакталбай турганы жана алар кат алышууга катышкан адамдарга гана жеткиликтүү экендиги айтылып келет.

Meta 2014-жылы «WhatsApp′ты» сатып алгандан кийин мессенжерге «Signal Protocol» аттуу шифрлөө протоколун киргизген. Арызда компания бийликтин суранычы боюнча да жазышууларды берген болушу мүмкүн экендиги айтылат.

Жамааттык доо арыз 2016-жылдын 5-апрелинен ушул убакка чейин «WhatsApp» аркылуу билдирүү жөнөткөн же алган АКШдагы бардык колдонуучуларды камтыйт. Бул иш «Meta» компаниясынын аброюна олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»