19:34, 10-апрель, 2026

Бишкекте көп функционалдуу спорт комплекси ачылды

На русском
15:06, 10-апрель, 2026 175

АКИpress - Бишкек шаарында А.Токтоналиев көчөсү 62 дарегинде көп функционалдуу спорт комплексинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

«Бүгүнкү күндө балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде спорттун алты түрү өнүгүүдө: футбол, волейбол, баскетбол, шайбалуу хоккей, гандбол жана бадминтон. 1600дөн ашык спортчу машыгып, алар менен 41 машыктыруучу иш алып барат, алардын ичинен 5и Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары. Узак жылдар бою мектептин өзүнүн базасы болгон эмес», - деди ал.

Объект жалпы аянты 2296 м² болгон эки кабаттуу имараттан турат. 

Биринчи кабатта гардероб, машыктыруучулар бөлмөсү, калыстар бөлмөсү, кызматкерлер үчүн жайлар, санитардык түйүндөр, эркектер жана аялдар үчүн кийинүү бөлмөлөрү, инвентардык бөлмө, ошондой эле эки толук өлчөмдөгү спорт аянтчасы жайгашкан.

Экинчи кабатта машыгуу залы, медициналык кабинет, санитардык түйүн жана техникалык бөлмө бар.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»