АКИpress - №19 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рамис Жунусалиев Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каттоосун токтотуу жөнүндө арыз жазды.
БШК бүгүн өз отурумунда анын арызын карай турганын билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев ыйгарым укуктарын тапшырганы кабарланган. Алган добуштардын саны боюнча андан кийинки сапта Жунусалиев болчу.
Жунусалиевден кийинки орунда Улан Сариев бар.