23:53, 10-апрель, 2026

Садыр Жапаров Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

На русском
14:01, 10-апрель, 2026 375

АКИpress - Бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев быйыл март айында дарыянын 17 чакырым тилкесинин абалына талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди. Жумуштарды ишке ашырууга 24 млн сом бөлүнгөн. 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер башталган. Учурда дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылды. Тазалоо иштерин 15-апрелге чейин бүтүрүү пландалган.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»