АКИpress - Бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев быйыл март айында дарыянын 17 чакырым тилкесинин абалына талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди. Жумуштарды ишке ашырууга 24 млн сом бөлүнгөн. 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер башталган. Учурда дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылды. Тазалоо иштерин 15-апрелге чейин бүтүрүү пландалган.