20:18, 10-апрель, 2026

13-апрелден тарта Боомдо кооптуу ташты түшүрүү иштери башталат

На русском
13:47, 10-апрель, 2026 242

АКИpress - 13-апрелден 17-апрелге чейин Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу ташты түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынан билдиришти.

Жумуштар унаа жолун жарым-жартылай жабуу менен саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке боюнча багытталат. Эгерде жолдо 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, иштер убактылуу токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»