АКИpress - 13-апрелден 17-апрелге чейин Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу ташты түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынан билдиришти.
Жумуштар унаа жолун жарым-жартылай жабуу менен саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке боюнча багытталат. Эгерде жолдо 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, иштер убактылуу токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.