21:01, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды

Жасалма акча менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

На русском
13:31, 10-апрель, 2026 298

АКИpress - УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жасалма акча даярдоо жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

УКМК билдиргендей, аталган топтун мүчөлөрү бир нече мамлекеттин аймагында иш жүргүзүп, жогорку сапаттагы жасалма акчаларды даярдап, андан соң аларды таратып келишкени аныкталды.

«Атайын операциянын жүрүшүндө контролдук сатып алуу маалында Өзбекстан Республикасынын жараны Ю.М.Ю. жана КР жараны Т.у.А. кармалып, алардын жанынан ири көлөмдөгү жасалма чет элдик валюталар, ошондой эле башка буюм далилдер алынган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алардын мыйзамсыз аракетинен жабыркаган жарандар болсо 0312 56-90-10 номуруна кайрыла алышат», - дейт УКМК.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»