04:41, 11-апрель, 2026

Трамп Ормуз кысыгы ачыла элек экенин билдирди

На русском
13:04, 10-апрель, 2026 373

АКИpress - Иран ок атышууну токтотуу боюнча шарттарды өтө начар аткарып жатат, деп билдирди АКШнын президенти Дональд Трамп.

«Иран Ормуз кысыгы аркылуу мунай өткөрүү шартын өтө начар, а түгүл абийирсиз аткарып жатат. Бул биз сүйлөшкөн келишим эмес!», - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.

Ал башка билдирүүсүндө Иранга кемелерден акы талап кылбоону эскертти.

«Иран танкерлерден акы алып жатканы тууралуу кабар чыгып жатат, андай болбогону жакшы, эгер андай болсо, бул аракетти дароо токтотушу керек», - деп жазды Трамп.

Ал 8-апрелге караган түнү Иран менен эки жумалык элдешүүгө келишкенин жарыялаган. Трамптын айтымында, АКШ Ирандан он пункттан турган сунуш алган, ал сүйлөшүүлөрдүн негизи болушу мүмкүн.

Кийинчерээк ок атышууну токтотуу келишимин түшүнүүдө айырмачылыктар бар экени белгилүү болгон. Ормуз кысыгы иш жүзүндө жабык бойдон калууда, ал  кемелер Иран менен сүйлөшүүгө аргасыз болууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»