АКИpress - Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 11-апрелде Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар жаайт.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 м, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +3...+8
күндүз +18...+23
Талас облусу
түнкүсүн +2...+7
күндүз +17...+22
Баткен облусу
түнкүсүн +6...+11
күндүз +18...+23
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +7...+12
күндүз +19...+24
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +2...+7
күндүз +13...+18
Нарын облусу
түнкүсүн 0...+5
күндүз +13...+18
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7°, күндүз +21…+23° болот.