13:43, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:31, 10-апрель, 2026 (18 адам окуп жатат)
УКМКнын 3 кызматкери кармалды
09:23, 10-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
13:04, 10-апрель, 2026 (9 адам окуп жатат)
Трамп Ормуз кысыгы ачыла элек экенин билдирди

Түндүк айланма жолдо дагы бир транспорттук түйүн курула баштады

На русском
12:11, 10-апрель, 2026 278

АКИpress - Бишкектин четиндеги түндүк айланма жолунун жана Манас айылына кеткен жолдун кесилишинде жаңы транспорттук түйүндүн курулушу башталды.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда тилкеде көпүрө тирөөчтөрү орнотула турган жерди казуу жана бетон куюу иштери жүрүп жатат.

Айланма жолдун 236–244-чакырымдарында жол төшөлмөсүн кеңейтүү иштери уланууда. Ошондой эле, Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишиндеги көпүрөнүн кирүүчү тилкелерине асфальт төшөлүүдө.

Маалыматка ылайык, объектке 250 бирдик атайын техника тартылып, 600гө жакын жумушчу эмгектенип жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»