15:20, 10-апрель, 2026

Ысык-Көл 170 жылда дээрлик 14 метрге тартылды, - Илимдер академиясы

На русском
11:55, 10-апрель, 2026 368

АКИpress - Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов Ысык-Көлдүн деңгээлинин динамикасы боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, 1854-2024-жылдары көлдүн деңгээли 13,9 метрге тартылган. Бирок, акыркы 40 жылдан ашуун убакытта көлдүн деңгээли турукташып, болжол менен бир калыпта.

«Кээде көтөрүлөт, кээде (бир метр же бир нече сантиметрге) төмөндөйт, бирок бир эле деңгээлде турат», - деди ал.

Абдрахматов өзгөрмөлүү климаттын көп жылдык циклинин майда-чүйдөсүнө  токтолбогондугун айтып, жалпысынан көлдүн деңгээли туруктуу бойдон экенин баса белгиледи.

Күн мурун Абдрахматов Ысык-Көлдүн түбүнүн түзүлүшүн түшүндүрүп, рельефти түшүнбөстөн так божомолдорду айтуу мүмкүн эмес экенин белгилеген. Ал суунун деңгээли 2-3 метрге төмөндөгөндө түндүк тараптагы жээк тартыларын айткан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»