АКИpress - 9-апрелде Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 3 мүчөсү кармалды.
УКМК билдиргендей, кармалгандар экстремисттик идеологияны жайылтуу жана жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенишкен. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда чет өлкөлөрдө мезгил-мезгили менен басылып чыгуучу «Хизб ут-Тахрирдин» адабияттары жана материалдары табылган.
Тергөө уланууда.