01:34, 11-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
21:02, 10-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарына эмне деди?
11:54, 9-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат

Видео — Бишкекте кытай жараны баңгизаттын таасири алдында «Гелик» башкарып жүргөн

На русском
11:09, 10-апрель, 2026 793

АКИpress - «Транзит» рейди учурунда баңгизат колдонгон чет элдик жаран аныкталды, деп билдирди ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы.

10-апрелге караган түнү Бишкектин Чүй проспектиси жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде ЖКККБ кызматкерлери «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү ак унааны токтотушкан. Айдоочусу Кытайдын 2000-жылы туулган Д.Т. аттуу жараны болгон. Инспекторлор айдоочуну наркология борборуна алып барышкан. Ал жакта чет элдик жаран баңгизат колдонгондугу аныкталган.

Бул факт боюнча протоколдор толтурулуп, унаа айып короого киргизилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»