АКИpress - «Транзит» рейди учурунда баңгизат колдонгон чет элдик жаран аныкталды, деп билдирди ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы.
10-апрелге караган түнү Бишкектин Чүй проспектиси жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде ЖКККБ кызматкерлери «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү ак унааны токтотушкан. Айдоочусу Кытайдын 2000-жылы туулган Д.Т. аттуу жараны болгон. Инспекторлор айдоочуну наркология борборуна алып барышкан. Ал жакта чет элдик жаран баңгизат колдонгондугу аныкталган.
Бул факт боюнча протоколдор толтурулуп, унаа айып короого киргизилди.