03:05, 11-апрель, 2026

Бишкектин Жаш гвардия менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги 64 объект бузулат

На русском
10:51, 10-апрель, 2026 428

АКИpress - Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишине транспорттук түйүн куруу үчүн 64 объект долбоордун аймагына кирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Инвентаризациялоонун жыйынтыгында, курулуш жүрө турган аймакка жеке менчик жер тилкелери, мурда убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык аймактар да кирери аныкталган. Ошондой эле айрым объекттер Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан.

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү билдирүүлөр берилди. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы келишимдик мамилелери белгиленген тартипте токтотулган объекттерди демонтаждоо иштерине киришти.

Мэриядан белгилешкендей, мамлекеттик актысы бар жер тилкелеринин ээлерине башка жерден тилке берүү же акчалай компенсация төлөп берүү сунушталууда.

Ошондой эле демонтаждоо иштери жолдорду реконструкциялоо программасынын алкагында жүрүп жатканы кабарланды. 2026-жылдын биринчи чейрегинде Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалык тарабынан жеңил типтеги 246 объект жана 152 капиталдык курулуш алынган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»