АКИpress - Эдуард Кубатов Министрлер Кабинетинин алдындагы Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
Ал 1972-жылы 2-январда Түп районунун Кутургу айылында төрөлгөн.
Эмгек жолу
1992–2004 – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштеген. Акыркы ээлеген кызматы – башкармалык жетекчиси.
2005–2007 – Россиянын «Базовый Элемент» инвестициялык холдингинин башкы директорунун орун басары.
2007-жылдын январь-августу - Лондон, Улуу Британиядагы «KazakhGold Group» англис-казак компаниясынын президенти жана директорлор кеңешинин төрагасынын стратегиялык кеңешчиси.
2007-жылдын 7-августу–2014-жылдын 26-апрели – «Талас Голд Майнинг Компани» фирмасынын башкы директору (Жерүй кени).
2008-жылдын августу–2009-жылдын октябры – «Тенгри Майнинг Компани» компаниясынын президенти.
2011 – «Полюс Голд Кыргызстан» компаниясынын башкы директору (орус миллиардери жана саясатчысы Михаил Прохоровго таандык алтын казуучу компания – «Polyus Gold Int» компаниясынын туунду ишканасы).
2011-жылдын октябры – «Kyrgyz Gold Invest» ЖЧКсынын ээлеринин бири (европалык инвестициялык топ менен биргелешкен долбоор).
2012 – «Кыргыз-орус экономикалык кеңеши» ассоциациясынын башкарма төрагасынын орун басары.
2013-жылдын 15-майы – Индонезия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу (2013-жылдын 6-ноябрында КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан консулдук экзекватура расмий тапшырылган).
2014-жылдын 26-апрели – Австралиялык «Robust Resources Limited» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору.
2016-жылдын 17-майы – «Centerra Gold» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү.
2022-жылдын январында Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти болуп шайланган.
«Bartholet Maschinenbau AG» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү.
Билими
1991-1996 - Кыргыз улуттук университети, юридикалык факультет.
Россиянын тышкы чалгын академиясын аяктаган.