23:56, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
21:02, 10-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарына эмне деди?
09:23, 10-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды

«Новопавловкада» түндүк айланма жолуна туташкан жолдун курулушуна байланыштуу жер ээлери менен сүйлөшүүлөр өттү

На русском
10:26, 10-апрель, 2026 336

АКИpress - 9-апрелде «Новопавловка» №106 муниципалдык аймактык башкармалыгында түндүк айланма жолго жанаша жаткан жер тилкелердин ээлери менен сүйлөшүүлөр өттү, деп маалымдады Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Жолугушууда жаңы жолдун курулушуна кирген 102 жана 111 контурлар талкууланды. Аталган жол Гоголь көчөсүнөн башталып, түндүк айланма жолго чейин созулуп, узундугу 17 чакырымды түзөт.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин алмаштыруу механизми караштырылары маалымдалды. Мэр Ленин райондук администрациясына ар бир жер үлүшүнүн ээсинен арыздарды кабыл алууну уюштуруп, маалыматтарды тактоо жана жаңылоо тапшырмасын берди. 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»