19:28, 10-апрель, 2026

Органчы Мирлан Касымалиев «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

На русском
10:12, 10-апрель, 2026 169

АКИpress - Маданият министрлиги 9-апрелде Германияда жашап, орган аспабында ойногон кыргызстандык Мирлан Касымалиевди «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйлады.

Сыйлоо аземи Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында өттү. Бул жерде органист Кыргызстандагы алгачкы концертин койгон.

Концертке маданият, маалымат, жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов жана өлкөнүн маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Маданият министринин биринчи орун басары сыйлыкты тапшырып жатып, Улуттук филармонияда жайгашкан Кыргызстандагы жалгыз органдын жакында эле оңдолгонун белгиледи.

Концертте Мирлан Касымалиев Иоганн Себастьян Бах, Георг Бём, Феликс Мендельсон, Арво Пярт сыяктуу композиторлордун чыгармаларын аткарды. Ошондой эле ал «Ысык-Көл вальсы» жана «Сары-Ой» кыргыз обондорун да ойноду.

Буга чейин Мирлан Касымалиев «АКИpress» агенттигине берген маегинде жашоосу, өмүрүндө чоң орунду ээлеген музыкасы жана тагдыры аны Кыргызстанда сейрек кездешүүчү орган сыяктуу музыкалык аспапка алып келгендиги тууралуу айтып берген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»