05:15, 11-апрель, 2026

Бишкекте чыгыш айланма жолунун курулушу үчүн 12 үй бузулат

На русском
09:54, 10-апрель, 2026 434

АКИpress - Чыгыш айланма жолунун курулушу үчүн Бишкек шаарындагы Осмон Ата конушундагы бир катар үй буздурулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Мэр тургундар менен жолугуп, алардын жер тилкелери жана үйлөрү боюнча маселелерди талкуулады. Бузуу алдында турган 12 үй боюнча алардын ээлерине компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды. Ал эми жер тилкелер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тең баалуу жер берүү же башка альтернативдик варианттарды сунуштоо максатында алмашуу жүргүзүлөт.

Жолдун болжолдуу узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында мамлекеттик өнөктөш жалпы аянты 79,8 гектар жерди бөлүп берет:

  • 64,8 гектар — жол куруу үчүн;
  • 15,0 гектар — төлөм алуу пункттары жана тиешелүү инфраструктура үчүн.

Долбоор шаар көчөлөрүндөгү транспорттук жүктү азайтууга, транзиттик унааларды кайра бөлүштүрүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана борбор калаанын транспорт системасынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Чыгыш айланма жолун учурдагы жол тармагы менен ыңгайлуу туташтыруу үчүн кошумча жол тилкелери курулат. Долбоор төрт негизги магистралдык көчөнү камтыйт:

  • Сухэ-Батор көчөсү—Ауэзов көчөсүнөн жаңы жолго кошулган жерге чейин;
  • Жукеев -Пудовкин көчөсү—Аалы Токомбаев көчөсүнөн Балык Кумар көчөсүнө чейин;
  • Путепроводная (Лев Толстой) көчөсү—Ауэзов көчөсүнөн жаңы жолго кошулган жерге чейин;
  • Ахунбаев көчөсү—Ауэзов көчөсүнөн жаңы жолго кошулган жерге чейин. 

     

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»