10:50, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (304 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
11:32, 8-апрель, 2026 (158 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
09:03, 10-апрель, 2026 (49 адам окуп жатат)
Садыр Жапаров Ош облусуна барат
10:40, 10-апрель, 2026 (28 адам окуп жатат)
Президент Садыр Жапаров Ош шаарына келди. Видео
11:54, 9-апрель, 2026 (23 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат

Таласта 14 жыл иштебей айлык алган адам аныкталды

На русском
09:22, 10-апрель, 2026 352

АКИpress - Талас шаарындагы медициналык колледжде 1,5 млн сомго жакын ишенип берилген мүлктү ысырап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Комитеттин маалыматына караганда, мамлекеттик мекемеге жасалма түрдө жумушка орноштуруу фактысы аныкталган. Тактап айтканда, 2012-жылдан баштап 2026-жылдын мартына чейин Талас облусунун тургуну П.Е.Т. Талас медициналык колледжине жумушка кабыл алынган, бирок ишке киргенден бери өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарган эмес. Буга карабастан, аталган мезгил ичинде иш убактысын эсепке алуунун жасалма толтурулган табелдеринин негизинде ага үзгүлтүксүз эмгек акы төлөнүп келген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ысырап кылуу же ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген алдын ала зыян 1 млн 492 миң 335 сомду түздү.

Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»