АКИpress - Жоробеков Тариел Улукбекович Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фонд биржасы билдирди.
Т.Жоробеков 2018-жылдын 19-июнунан 2021-жылдын 29-декабрына чейин «Республика-Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча Болотбек Ибраимжановдун ордуна Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болгон.
Андан кийин Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жайыт жана асыл тукум мал чарбачылыгы департаментинин директору болгон.
2026-жылдын 18-мартында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматына шайланган.