АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Болгарияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында катары менен экинчи жолу утулду.
Экинчи дивизиондун В тайпасындагы командалары арасындагы турнир азыркы учурда София шаарында алты курама команданын катышуусунда өтүүдө.
8-апрелде үчүнчү турдун оюндары болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы тайпанын лидери — Исландия менен ойноп, 3:6 эсебинде утулду.
Буга чейин кыргызстандыктар Болгарияны (5:3) утуп, Кытай Тайбэйине (1:5) утулуп калышкан.
Төртүнчү турдун оюндары 11-апрелде өтөт, Кыргызстандын курама командасы Израил менен ойнойт.