04:09, 10-апрель, 2026

Документи жок товар жүктөлгөн трак чек арада кармалды

На русском
22:01, 9-апрель, 2026 400

АКИpress - «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунан ири партия менен товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө жол берилген жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Казакстан Республикасынан багыт алган, 1988-жылы туулган А.М.В. аттуу кыргыз жараны башкарган "Volvo Truck" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, тийиштүү товар коштомо документтери жок эл керектөөчү товарлар менен көзөмөл-өткөрмө пунктуна келген», - деп айтылат маалыматта.

Кароо учурунда тиричилик буюмдары, кабель, курулуш шаймандары, кондитердик азыктар, кофе, бут кийимдер жана эл керектөөчү буюмдар табылган.

Жүктүн алдын ала баасы 18,5 миллион сомдон ашат.

Териштирүү үчүн транспорт каражаты, айдоочу жана жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлдү.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»