АКИpress - Кыргызстандык Сезим Жуманазарова Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ боло албай калды.
Ал 59 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.
Биринчи беттеште кыргызстандык балбан Япониянын спортчусуна утулуп калды, бирок коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн алды.
Жуманазарова 3-орун үчүн болгон беттеште 0:9 эсебинде артта калып жатса да, биринчи бөлүктө эсепти теңдеп гана тим болбостон, 12:9 эсебинде алдыга чыккан.
Экинчи бөлүктө өзбекстандык атаандашы Жуманазарованы килемге жаткырып, коло байгени өзүнө алды.
Кыргызстандык спортчу жалпысынан 5-орунду ээлеп, медалсыз калды.
55 кг салмак категориясында Арууке Кадырбек кызы алгачкы беттешинде Индиянын спортчусуна утулду, бирок ошондой эле коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
3-орун үчүн болгон беттеште да кыргызстандык балбан утулуп, 5-орунду алды.