АКИpress - Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында күрөш боюнча 2-орунду ээледи.
Ал 76 кг салмак категориясында ат салышты.
Кыргызстандык спортчу 1/4 финалдан баштап, кытайлык спортчуну жеңип алды.
Жарым финалда Медет кызы Кытай Тайбэйинен келген балбан менен беттешип, дагы бир жолу жеңишке жетти.
8-апрелде өткөн финалдык беттеште кыргызстандык спортчу дүйнөлүк рейтингде тогузунчу орунда турган моңголиялык балбан менен күч сынашты.
Медет кызы упай боюнча алдыда келе жаткан, бирок 11 секунд калганда атаандашы чабуул жасап, 2 упай алып, 3:2 эсеби менен алдыга чыкты.
Кыргызстандык спортчу жеңишке умтулуп, 4 упайга бааланган киришин жасап, бирок жетишпей калды.
Беттештин жыйынтыктоочу эсеби 4:2 болуп, моңголиялык спортчу утту.
Айпери Медет кызы 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.
76 кг чейин
1/4 финал
Айпери Медет кызы - Вэньцзи Ли (Кытай) — 6:6, Медет кызы туше менен жеңди
Жарым финал
Хуэй Чанг (Кытай Тайбэйи) - Айпери Медет кызы — 0:11
Финал
Айпери Медет кызы - Даваанасан Энкх Амар (Моңголия) — 2:4