19:04, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (30 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
18:20, 9-апрель, 2026 (22 адам окуп жатат)
Урмат Айтиев аким болуп дайындалды
11:54, 9-апрель, 2026 (9 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат

Ошто өз башына ок чыгарган чек арачынын абалы кандай?

На русском
17:31, 9-апрель, 2026 270

АКИpress - 9-апрелде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Алай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды.

Ал октон жаракат алган аскер кызматкеринин абалы менен таанышты. Министр бейтаптын жакындары менен да жолугуп, дарылоо процесси тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, бейтапка өз убагында керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, санитардык авиация аркылуу адистер тартылган. 7-апрелде Алай районуна Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынан эки нейрохирург жана анестезиолог-реаниматологдон турган адистер жөнөтүлүп, операция жасалган.

Учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын абалы өтө оор деп бааланууда.

Министр бейтапты дарылоону өзгөчө көзөмөлгө алып, керектүү адистерди тартуу менен дарылоону улантууну тапшырды.

7-апрелде чек арачы өз жанын кыюуга аракет кылган. 2004-жылы туулган И. уулу А. АК-74 үлгүсүндөгү автомат менен өз башына ок аткан.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»