03:32, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:07, 9-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
16 жаштагы Касиет Субанова изделүүдө
09:25, 9-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты
20:31, 9-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында алтын утту

Эскертүү: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн

16:34, 9-апрель, 2026 472

АКИpress - 9-14-апрелдерде Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар экендиги эскертилди.

  • Бишкек—Ош унаа жолунун 120-140-чакырымы — Төө-Ашуу;
  • Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымы — Өтмөк;
  • Бишкек—Нарын—Торугарт унуу жолунун 292-305-чакырымдарында — Долон;
  • Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырым аралыктарында — Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүп, бороон-чапкын болушу мүмкүн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кырсыктардын алдын алуу жана жол кыймылынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Министрлик жол тейлөө ишканалары тарабынан тийиштүү даярдыктар көрүлүп, атайын техникалар тартылганын кошумчалады. Ошондой эле, жолдорго себилүүчү кум-туз аралашмаларынын запасы жетиштүү көлөмдө камдалган. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»