11:06, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:23, 10-апрель, 2026 (250 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
11:32, 8-апрель, 2026 (112 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
10:35, 10-апрель, 2026 (29 адам окуп жатат)
Жетекчи болгон Эдуард Кубатов тууралуу эмне белгилүү?
10:40, 10-апрель, 2026 (19 адам окуп жатат)
Президент Садыр Жапаров Ош шаарына келди. Видео
11:54, 9-апрель, 2026 (14 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат

Эскертүү: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн

16:34, 9-апрель, 2026 511

АКИpress - 9-14-апрелдерде Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар экендиги эскертилди.

  • Бишкек—Ош унаа жолунун 120-140-чакырымы — Төө-Ашуу;
  • Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымы — Өтмөк;
  • Бишкек—Нарын—Торугарт унуу жолунун 292-305-чакырымдарында — Долон;
  • Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырым аралыктарында — Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүп, бороон-чапкын болушу мүмкүн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кырсыктардын алдын алуу жана жол кыймылынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Министрлик жол тейлөө ишканалары тарабынан тийиштүү даярдыктар көрүлүп, атайын техникалар тартылганын кошумчалады. Ошондой эле, жолдорго себилүүчү кум-туз аралашмаларынын запасы жетиштүү көлөмдө камдалган. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»