23:26, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?

Алмазбек Акматов кайрадан Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды

На русском
14:57, 9-апрель, 2026 379

АКИpress - Эсептөө палатасынын төрагасы болуп Алмазбек Акматов дайындалды. Бул тууралуу Президенттин админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Акматов буга чейин да эсептөө палатасынын башчысы кызматын ээлеген.

Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамга ылайык, президент төраганы Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган аудиторлордун арасынан дайындайт. Акматовду аудитор кылып шайлоо 8-апрелде парламентте ишке ашкан. Ал бул кызматка «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобу тарабынан көрсөтүлгөн.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»