АКИpress - Кыргызгидромет билдиргендей, 10-апрелге караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин күчөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +4...+9
күндүз +17...+22
Талас облусу
түнкүсүн +3...+8
күндүз +12...+17
Баткен облусу
түнкүсүн +5...+10
күндүз +18...+23
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +5...+10
күндүз +18...+23
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +3...+8
күндүз +13...+18
Нарын облусу
түнкүсүн +2...+7
күндүз +11...+16
Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус болот.