АКИpress - Социалдык тармакта видео тарап, анын автору бир бейтааныш адам кичинекей кызга тийишкенин билдирген.
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 9-апрелде билдиргендей, 7-апрелде Бишкектин тургунунан арыз түшкөн. Анын айтымында, ошол күнү саат 17:45 чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө анын 2017-жылы туулган кызына белгисиз адам келип, башын жана бетин сылай баштаган. Арыз ээси чара көрүүнү өтүнгөн.
Алдын ала текшерүүнүн алкагында аталган адамдын өздүгү такталган. Ал 1981-жылы туулган П.Ж. болуп чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, ал мас абалында болгон.
Ага карата КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, үч суткага камакка алынды.