01:51, 10-апрель, 2026

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионаты Кыргызстан үчүн эң ийгиликтүү болду

На русском
13:32, 9-апрель, 2026 532

АКИpress - Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 2026-жылкы Азия чемпионатында 4 медалга ээ болду.

Турнир 6-апрелден бери Бишкекте өтүүдө.

Башкы машыктыруучу Улукбек Карачолоковдун жетекчилиги алдындагы команданын атынан 10 спортчу катышты.

Афтандил Таалайбек уулу, Раззак Бейшекеев, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов Азиянын чемпиондору болушту.

Махмудов Азия чемпионатында 4-жолу алтын медалга ээ болду. Калгандары биринчи жолу бул наамга татышты.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы алгач ирет бир турнирде төрт алтын медалга ээ болуп отурат.

2022-жылы Моңголиядагы турнирде кыргызстандыктар 3 алтын медалга ээ болушкан. Дагы төрт жолу (2007, 2014, 2016, 2023) курама команда эки алтын медалга ээ болгон.

Командалык эсепте курама команда 154 упай топтоп, 16 команданын ичинен 2-орунду, биринчи орунду Ирандын курама командасы ээледи.

Буга чейин Кыргызстандын курама командасы командалык эсепте үч жолу 2-орунду ээлеген — 2007, 2018 жана 2024-жылдары. Бул турнирлер да Бишкекте өткөн.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Бишкекте 2018-жылы жана Алматыда 2021-жылы өткөн турнирлерде эң көп, 8 медалды камсыздаган.

2022, 2023 жана 2024-жылдары Кыргызстандын командасы 6 медалдан алган. Дагы үч жолу (2007, 2016, 2020) 5 байге алган.

Бардыгы болуп грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпионаттарында 108 медалга ээ болду — 24 алтын, 25 күмүш жана 49 коло.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»