14:08, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:31, 10-апрель, 2026 (16 адам окуп жатат)
УКМКнын 3 кызматкери кармалды
09:23, 10-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Эдуард Кубатов кызматка дайындалды
13:54, 10-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Президент Оштогу полимер заводуна барды

Видео — Бишкекте Айтматов проспектисиндеги жер астындагы өтмөктөр кандай болуп курулууда?

На русском
13:22, 9-апрель, 2026 303

АКИpress - Бишкекте Айтматов проспектисиндеги төрт жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк дээрлик курулуп бүттү. Аталган өтмөктөр Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейинки тилкеде жайгашкан.

Бардык өтмөктөрдө ички жасалгалоо иштери аяктады. Тепкичти жаап турчу чатырлар дагы орнотулган.

Учурда аймакты көрктөө иштери жүрүп жатат: демонтаждалган чырактар мурдагы ордуна коюлууда. Өтмөктөрдүн ичин тазалаш керек.

Өтмөктөрдүн курулушу 1-январда башталган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»