19:20, 9-апрель, 2026

Былтыр «Кыргызалтын» канча киреше тапты?

На русском
13:13, 9-апрель, 2026 401

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Ага “Кыргызалтындын” башкарма төрагасы Кубат Абдраимов алтын куймаларын сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Жыл жыйынтыгы боюнча дүкөндүн кирешеси 855 млн сомдон ашып, алтын куймаларга болгон суроо-талаптын жогору экендиги аныкталды. 

2024-жылдын август айында алтын куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилген. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде заманбап жабдууларга жумшалган 320 млн сом толугу менен акталганы айтылды.

Адылбек Касымалиев компаниянын заманбап талаптарга жана эл аралык стандарттарга жооп берген кырдаалдык борборунун иши менен таанышты. Аталган борбор өндүрүштүк процесстерди жогорку деңгээлде ыкчам көзөмөлдөөнү жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылат.

Андан соң видеотасма көрсөтүлгөндөн кийин, жыл жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарада компаниянын 2025-жылдагы негизги көрсөткүчтөрү, башкаруу реформаларынын жыйынтыктары угулду.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компания рекорддук финансылык көрсөткүчтөргө жетишти, таза пайдасы 18,7 млрд сомду, ал эми жалпы кирешеси 20,7 млрд сомду түздү. Бүгүнкү күндө “Кыргызалтынга” 2 филиал, 13 туунду компания жана 4 биргелешкен ишкана кирет.

“Кыргызалтын” жакынкы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык маанидеги бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Алардын катарында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар. Мындан тышкары компания Кумтөр кенинин калдыктарын кайра иштетүү боюнча жумуштарды активдүү жүргүзүүдө.

“Кумтөрдүн өнөр жайдагы үлүшү боюнча акыркы эле маалыматты айтайын. 2026-жылдын февраль айында ИДПнын өсүшү 8,8%ды түздү. Анын ичинде өнөр жайда 18,7% өсүш катталды же 147,8 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү, Кумтөрдү кошпогондо – 88,2 млрд сомду түздү. Эми бул санды алып таштаганда өнөр жай тармагында Кумтөрдүн үлүшү 59,6 млрд сомду же февраль айындагы ИДПнын 22,6%ын Кумтөр түзүп жатат. Тиешелүү түрдө Кумтөр – «Кыргызалтындын» акыркы 5 жылдагы өсүп бараткан ишине да түздөн-түз таасирин тийгизип жатат”, - деди Касымалиев. 

Ал тоо-кен тармагындагы жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен тыгыз кызматташып, аларды ишке тартуу керектигин, айрыкча жергиликтүү калктын балдарын окутуу зарылдыгын кошумчалады. Себеби жумушчуларды – инженердик адистерден тартып, жөнөкөй жумушчуларга чейин дээрлик жергиликтүү эл түзөт.

Адылбек Касымалиев тоо-кен тармагы 2025-жылы бюджетке 65,4 млрд сом киреше алып келгенин, ошол эле учурда алтындын баасы да 2 эсеге өсүп жатканын кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»