03:33, 10-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:07, 9-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
16 жаштагы Касиет Субанова изделүүдө
09:25, 9-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Иран кайрадан Ормуз кысыгын жапты
08:31, 9-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Доллар менен рубль канча сомго сатылып жатат?

Эл аралык издөөдө жүргөн 3 кыргызстандык жаран кармалып, экстрадицияланганы турат

На русскомНа русском
12:33, 9-апрель, 2026 667

АКИpress - Чет мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган адамдар кармалды, деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы.

Сербиянын Белград шаарында 1992-жылы туулган С.Д.А. аттуу жаран кармалды. Ал укук коргоо органдары тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда (уурулук) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөгө алынган. Шектүү Манас шаарында жайгашкан үйдүн короосуна кирип, планшет, кутунун ичиндеги ири суммадагы акчаны, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарды да уурдап кеткен. Кылмыш жасалгандан кийин шектүү окуя болгон жерден качкан.

Мындан тышкары, Испаниянын Мадрид шаарында эл аралык издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Ю.А.С. жана 1980-жылы туулган Ю.П.В. аттуу жарандар кармалды. Алар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар жүк ташуучу унааларды сатып алуу жана андан ары жүк ташуу бизнесин жүргүзүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан. Кийинчерээк өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткарбастан, сатып алынган унааларды сатып жиберип, түшкөн каражатты жеке максаттарына жумшашкан.

Учурда ыйгарымдуу органдар тарабынан аларды мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»