АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматын тапшырып жатканын Бишкектеги окуу жайлардын биринде өткөн иш-чарада маалымдады. Анын билдирүү жасаган видеосу интернетке тарады.
Ал бул кызматты 2021-жылдын 13-октябрынан тарта аркалап келген. Ал кызматтан кеткени тууралуу расмий билдирүү түштөн кийин жарыя болорун кошумчалады.