19:08, 9-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (28 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
18:20, 9-апрель, 2026 (20 адам окуп жатат)
Урмат Айтиев аким болуп дайындалды
11:54, 9-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Эдил Байсалов кызматтан кетип жатат

УКМК Сириядан келген кыргызстандыкты кармады

На русском
11:36, 9-апрель, 2026 402

АКИpress - Сириядагы согушка катышууга тиешеси бар жаран кармалды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда 7-апрелде 1984-жылы Ош облусунда туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Ф.Г. кармалды.

«Ал 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан издөөгө алынган. Ош облусунда 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны И.Б.Н.нын азгыруусуна кабылып, Түркия аркылуу Сирияга барып, "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун катарына кошулган.

Кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алды, ошондой эле аталган террористтик уюмдун катарында көпкө болбой, анын ишмердүүлүгүн түшүнгөндөн кийин Сириядан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын маалымдады. Ал үй-бүлөсүнө баруу шылтоосу менен Түркияга кетип, андан соң Кыргызстанга келген», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»